Жалал-Абадда да жол кирени көтөрүү боюнча демилгени депутаттар колдошту

Жалал-Абад шаарында жол кирени 15 сомго көтөрүү демилгесин шаардык кеңештин депутаттары колдоп беришти.

Шаардык кеңештин IX чакырылышынын депутаттары бүгүн, 15-ноябрда өткөн сессияда коомдук транспортко болгон төлөмдү көтөрүү маселесин карады. Бирок жол акы кайсы айда көтөрүлөрү так айтылган эмес. Мындан тышкары, жыйында шаар депутаттары окуучуларды 5 сом үчүн албай койгон айдоочуга чара көрүп, алардын жоопкерчилигин да кароону, кандайдыр бир чара колдонуу керектигин ортого салышты.