Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 54 жаштагы кишини издөө иштери токтотулду

Буга чейин ӨКМ Таш-Көмүр шаарында 25-август күнү саат 07:00 чамасында 1969-жылы туулган эркек киши үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.

Журналисттерге шаардык өрткө каршы кызматынын жетекчиси издөө иштери токтотулганын билдирди. Маалыматка караганда, 14 күн издөө жыйынтык берген эмес.