Бүгүн, 14-май күнү Жалал-Абад шаарында атайын кызматтын, чек арачылардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн «Мекен деми» балдар бакчаксы ачылды. Имарат 200 балага ылайыкташкан жана балдар үчүн, тарбиячылар үчүн керек болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн.
Ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Ал куттуктоо сөзүндө өлкө боюнча бардык облус-шаарларда ушундай балдар бакчасы курулуп жатканын, көпчүлүк бөлүгүндө курулуштар аяктаганын билдирди. Бул аракеттер Мекен чегинде кызмат кылып жаткан аскер кызматкерлеринин, атайын кызматтын кызматкерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүү жана жашоо шартын жакшыртуу үчүн аткарылып жатканына белгиледи. Өлкө башчысы тарабынан жасалып жаткан бул иш-аракеттер кызматкерлерге талапты күчөтүүнүн алкагында, зарыл шарттарды түзүп берүү үчүн аткарылып жатканы кошумчаланды. Аземге жергиликтүү бийлик башчылары, атайын кызматтын ардагерлери жана кызматкерлери, үй-бүлөлөрү катышты.
Балдар бакчасынын жетекчисине унаа белек кылынып, жергиликтүү ишкерлер тарабынан мындан ары да колдоо иштери улантылаары айтылды. «Мекен деми» балдар бакчасын куруу иштери жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен каржыланып, мамлекеттик казынадан акча коротулган эмес.
«Кыргызстандын аэропорттору» ААК социалдык тармактарда тараган Жалал-Абад облусунда жаңы эл аралык аэропорттун курулушу токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбей турганын...
Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкуу жараткан маселелерге комментарий берди. — Мыйзамсыз вебкам студияларды иштеткени үчүн соттолгон Даниэл Ажиевдин айланасында чоң...
Депутат Дастан Бекешев Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) байланыштуу маселе көтөрдү. Ал жыйынтыктар мүмкүн болушунча ачык-айкын болуп, катышуучуларга өз убагында жеткирилиши...
Соцтармактарда депутат Эрулан Көкүлов менен Кайгуул милициянын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Надырбек Жусуповдун диалогу делген аудио сүйлөшүү тарады. Бул тууралуу Спутник...
"Жогорку Кеңештин депутаты жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде жоопкерчиликке тартылат. Депутаттык кол тийбестик негизинен кылмыш...