Жалал-Абадда кар көчкү түшкөн аймакта айдоочу менен жүргүнчү изделип жатат

Кечээ, 16-февраль күнү саат 01:30дар чамасында Mercedes-Benz Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана 1 жүргүнчүсү Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автоунаа жолунун 80-90-чакырымында кар көчкү түшүп, өтө албай калгандыгы маалымдалган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары жана райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Жол тейлөө ишканасынан 1 авто жүктөгүч тартылып, кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан жумуш убактылуу токтотулган. Саат 17:30дан баштап аталган айдоочу менен байланыш жок болгондугуна байланыштуу бүгүн, 17-февраль күнү Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 кызматкери атайын ыкчам автоунаасы менен саат 13:15де жолго чыгып, Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кировка унаа жолунун 90-чакырымына чейин жетишип, андан ары жол жок болгондугуна байланыштуу 5 куткаруучу издөө иштерин улантуу үчүн жөө жөнөп кетишти.