Жалал-Абадда мектептеги жыттан улам 36 окуучу ооруканага жеткирилди

Кечээ, 11-май күнү Кочкор-Ата шаарындагы №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинен Тез жардам кызматына чакыруу түшүп, 6-8-класстардын окуучуларынан 36 окууучу ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Мектеп окуучуларына медициналык жардамдар көрсөтүлүп, алдын ала «белгисиз заттан уулануу» деп аныкташкан.

«Алдын ала иликтөө иштеринин жүрүшүндө мектептин кабаттан-кабатка көтөрүлгөн тепкичтеринде жана коридорунда кандайдыр бир заттын жыттанганы, эч кандай тамак-аш, суусундуктар ичилген эместигин айтып беришкен. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук маалыматтарды каттоо журналына «Уулануу» болуп катталып, териштирүү иштери уланууда»,- дешти.