Текшерүүдө Сары-Челек айыл аймагындагы №18 Э.Арстанбаев атындагы орто мектептин имаратын куруу иштеринде “МК С.” ЖЧКсы сметада каралган иштерди толук аткарбай, жасалма актылар аркылуу каражаттарды мыйзамсыз өздөштүргөнү аныкталды. Ал эми тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары курулуштун толук бүткөн-бүтпөгөндүгүн текшербестен акчаны которуп, объектти пайдаланууга кабыл алышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаттарын ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери Аксы РИИБге тапшырылды. Учурда зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлүү адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.
Чүйдө досуна кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды
Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кетип, дайынсыз болгон 1981-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылды....