Чүйдө адвокат кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
2-декабрда Чүй облусунун Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан аны кызматтык кылмыш жасоого азгыруу аракети тууралуу маалымат келип түшкөн. Кылмыш ишине катышкандардын өкүлү бир нече жолу пара сунуштоо менен объективдүү тергөөнүн жүрүшүнө мыйзамсыз таасир этүүгө аракет кылган. Билдирүүгө ылайык, 1981-жылы туулган адвокат айыпталуучулардын аракеттерин жеңилирээк беренеге кайра квалификациялоо үчүн 2 миң доллар өлчөмүндө акча сунуштаган. Тергөөчү мыйзамсыз аракеттер тууралуу жетекчиликке дароо кабарлаган.
Көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (пара берүү) негизинде кылмыш иши козголду. Кошумча тергөө иштерин жүргүзүү үчүн иш ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. 3-декабрда кылдааттык менен пландаштырылган ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, адвокат кармалды. Анын 215 миң сом акчаны Сокулук РИИБдин тергөөчүсүнүн иш бөлмөсүндө берилгендиги катталган.
10-март күнү саат 20:35 чамасында «102» кызматына белгисиз жүк ташуучу унаанын айдоочусу 2006-жылы туулган А.Б.К. аттуу жаранга карата зордуктоо кылмышын...
9-мартта социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында «Facebook» социалдык тармагындагы «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт колдонуучусу аркылуу Кыргыз Республикасынын бийлигин каралоого жана...
УКМК тарабынан коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында кечээ, 10-мартта 1980-жылы туулган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты К.К.К.га карата кылмыш иши козголду. Тергөө...