Жалал-Абадда Ташиевдин катышуусунда оңдолгон жолдордун ачылышы болду (сүрөт)

Бүгүн, 29-августта реконструкциялоодон өткөн Жалал-Абад шаарындагы Роза Азимов жана Султан Ибраимов көчөлөрү ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлугүнөн билдиришти.

Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, аксакалдар жана калаа тургундары катышты. Аталган жолдор Жалал-Абад шаарынын ички көчөлөрү болуп саналат. Алар кеңейтилип, жаңыдан асфальт төшөлүп, тийиштүү жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштери аткарылган.

Учурда Азимов көчөсүн асфальттоо иштери аяктап, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки четин куруу иштери улантылууда. Камчыбек Ташиев ачылыш аземине катышкан жергиликтүү тургундарга сүйлөп жатып, көрүлүп жаткан иш-аракеттердин баары өнүгүү жолундагы Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга багытталганын белгиледи.

Жаңыланган жолдор республикалык бюджеттен каржыланган. Розы Азимов көчөсүнүн узундугу 2737 метрди, туурасы 14 метрди түзөт. Учурда жолдун асфальты толук аяктаган. Ал эми алдыда тротуар, жарыктандыруу жана темир-бетон арык куурларын жаткыруу жумуштары жасалат. Ал эми Султан Ибраимов көчөсүнүн узундугу 1151 метрди түзөт.