Жалал-Абаддагы дарыядан аял кишинин жансыз дене табылды (сүрөт)

ӨКМге Таш-Көмүр шаарындагы Шопоков көчөсүнүн тушунда Нарын дарыясында белгисиз адамдын жансыз денеси калкып турат деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жерине 5 куткаруучу жерине барып, белгисиз аял кишинин жансыз денесин Нарын дарыясынын жээгинен алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Табылган жарандын аты-жөнү тактала элек.