Жалал-Абаддагы эс алуу жайында өрт чыкты (видео)

Бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад шаарындагы Бакиев көчөсүндө жайгашкан “Токтогул” эс алуу жайында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоо саат 11:34тө чектөөгө алынып, саат 12:06да толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн жалпы аянты жана келип чыгуу себептери такталууда.