Жалал-Абаддагы кудуктан табылган 2 адамдын сөөгү. Окуянын чоо-жайы

15-июль күнү саат 15:20 чамасында Базар-Коргон РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2 жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Могол айыл аймагынын Чарбак айылында суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүп жүрүшкөн. Аталган маалымат боюнча Базар-Коргон РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, жансыз денелерге сырттан кароо жүргүзгөн учурда, денеден эч кандай жарааттар байкалган эмес. Кудуктун бийиктиги 2,5 метрди түзүп, ичинде суу болгон эмес.

Бул окуя Базар-Коргон РИИБге “табылган өлүк” болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Каза болгон жарандар Базар-Коргон районунун 1976-жылы жана Чүй облусунун Сокулук районунун 2003-жылы туулган тургундары экендиктери такталган. Алар таза суу ишканасынын жумушчулары экендиги белгилүү болгон. Таза суу кудугунда каза болгон жарандардын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Эске салсак, кечээ, 15-июлда Жалал-Абаддагы кудуктан эки адамдын жансыз денеси табылганы маалым болгон.