Жалал-Абаддагы нейрохирургдар башына ок тийген жаранды сактап калышты

Кечээ, 9-февралда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын нейрохирургдары мээге татаал операция жасашты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, медицина илимдеринин кандидаты, аймактык оорукананын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Абдибайит Идирисов жана анын командасынын аркасы менен бейтаптын өмүрү сакталган. Бейтап башынын ачык жарасы менен келип түшкөн. Оң жактагы маңдай бөлүкчөсүндө мээге ок кирип кеткен. Операция ийгиликтүү аяктаган. Бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.