Жалал-Абаддагы психиатриялык ооруканадан качып кеткен 35 жаштагы жаран кармала элек. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жалал-Абад ОИИБ менен байланышканыбызда маалым болду.
- 20-ноябрга караган түнү Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар 12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасында Кылмыш-жаза кодексинин 114-беренеси менен мажбур иретинде дарыланып жаткан Өзбекстандын Фергана облусунун 1987-жылы туулган тургуну качып кеткен. Бул окуя эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу болуп катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.