Жалал-Абаддык өспүрүм Ош шаарында адашып кеткен. Ата-энесине тапшырылды

Ошто дайынсыз болуп, изделип жаткан өспүрүм ата-энесине кайтарылды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

8-декабрда түнкү саат 00:35 чамасында Ош шаарынын Салиев көчөсүндө 2007-жылы туулган өспүрүм адашып жүргөн жеринен милиция кызматкери тарабынан Ош ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна алып келинген.

Адашып келген баланын аты-жөнү аныкталып, ал Жалал-Абад облусунун тургуну экендиги аныкталып, мыйзамдуу өкүлүнө өткөрүп берилди. Бул бала буга чейин да үйүнөн чыгып кетип жакындары издөөгө мажбур болгон болчу. Ал 14-июнда түнкү саат 01:00 чамасында Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунунда көчөдө адашып, жанында ата-энеси жок, көзөмөлсүз жүргөн жеринен мыйзамдуу өкүлүнө кошуп берүү үчүн алып келинген. Ошол учурда апасы Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө арыз менен кайрылып, арызында баласы 3-июнь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барбагандыгын билдирип, уулун жүргөн жерин аныктап таап берүүнү суранган.