«Жалгыз эмес экенимди билип жатам». Экинчи жубайы каза болгон Курманбек Бакиев үн катты

2010-жылдын Апрель окуясында бийликтен куулган Курманбек Бакиевдин экинчи жубайы Назгүл Төлөмүшова көз жумган. Анын сөөгү өзүнүн туулган жери Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында жерге берилери айтылган. Курманбек Бакиев социалдык тармактагы баракчасында кыргыз элине кайрылды.

«Урматтуу мекендештерим, оор күнүмдө кайрат айтып колдоп турган кыргыз элим, дүйнөнүн ар тарабынан мага чалып, соцтармактардан жазып көңүл айтып жаткан боордошторум! Эң оболу мен сиздерге чын дилимден ыраазычылык билдирип, рахматымды айтам. Башымды кара туман каптап, үй-бүлөм менен аза тутуп калган чакта, бизди колдоп, сүйөп-таяп, ар кандай кайрат сөздөрүңөрдү айтып, жазып жатасыздар. Бул нерсе биз үчүн бардык байлык, бийликтен да жогору турат. Сыртта жүрүп жалгыз эмес экенимди, жанымда мен жакшы көргөн элим бар экенин туюп, сезип жаттым. Дагы бир жолу баарыңыздарга ыраазычылык билдирем», — деп жазды ал.