«Жамийла повестинин негизинде». Дизайнер Аида Сулова Барбинин кыргызча вариантын жасады

Учурда Нью-Йоркто жашаган сүрөтчү жана дизайнер Аида Сулова Барбинин кыргызча вариантын жасап, ага Жамийла деген ысым ыйгарды. Бул тууралуу ал социалдык тармакка жазды.

Дизайнердин айтымында, образ Кыргызстандын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ушундай аталыштагы повестинин башкы каарманынан алынган.

«Барби Жамийла – мен элестеткен кыргыз Барбиси», — деди ал.

Барби Жамийланы жаратуу үчүн Аида Сулова интернеттен сатып алган куурчактын сынган бөлүктөрүн жана уулунун эски кийимдерин колдонгон.