Жанар Акаев: «Эмил Жамгырчиев дагы эле байланышка чыга элек»

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин кайда экени азыркыга чейин белгисиз. Бул тууралуу журналисттерге депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, дайынсыз болуп жаткан депутат кийинки жумада келиши керек. «Азыр Жамгырчиевдин жакындары менен байланышып жатабыз, ал байланышка чыкпай жатат. Айрым маалыматтарга караганда, ал келерки аптада жыйынга келет», — деди Акаев.

Мындан тышкары, депутат Чыңгыз Айдарбеков УКМКда суракка алынбаганын белгиледи.