Жанар Акаев «Яндекс.Такси» боюнча Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдирди

“Яндекс.Такси” кызматы рынокту монополия кылып, комиссияны ашкере жогорулатып алганын мойнуна алып, аны арзандатуунун ордуна туура эмес маалымат таратууда. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев жазды.

«Комиссиябыз 10% дейт, бирок бул борбордон алыс жайгашкан чакан шаарларга гана тиешелүү, негизги такси кызматы жана аны пайдаланган калың катмар Бишкекте. 17% комиссия — бул таксопарк кызматын кошпогондогусу. Ал кошулганда 21% чыгып жатат дегеним ошондон. Бул өтө жогору баа да! Алардын өтүнүчүнө көңүл бурууну суранып, мен Камчыбек Кыдыршаевичке да жеке кайрылдым, дароо реакция болду, рахмат!

«Яндексте» 100 миңден ашуун такси айдоочулары катталган, алардын суранычы аткарылганы калды. Башкысы элге баа жагынан пайдасы. «Яндексте» иштегендер Ак үй/Көк үйдүн эшигин каккылап айлап арызданып жүрүшкөн. Бизнестин максаты пайда табуу деңизчи, бирок беш колду салып, миллиарддарды Кыргызстандан чыгарып алып жаткан компанияда ынсап болушу керек да!» — деп жазды ал.

28-ноябрда депутат Жанар Акаев «Яндекс.Таксиге» миңдеген таксисттер арызданып жатканын билдирген. 30-ноябрда УКМКдан «Яндекс.Такси Корп» ЖЧКсынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөнү маалымдалган.