УКМК тарабынан 29-ноябрда өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Яндекс. Такси Корп» ЖЧКсынын жана анын өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, «Яндекс. Такси Корп» жана анын өнөктөштөрү Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бир нече жолу көрүлгөн чараларга карабастан, жеке ташуу (такси) менен алектенген автомашиналардын айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышкан, буга байланыштуу такси кызматынын баасы жасалма түрдө жогорулатылып жатат.
Учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аталган мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. УКМК ишкердик субъекттерине мыйзамдарды бузуу жана жарандардын кызыкчылыктарын эске албастан, көрсөтүлүүчү кызматтардын баасын жасалма жогорулатууга жол берилбестигин эскертет.
2-декабрда социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрьский айылынын Кенжетай балдар бакчасында тартылган видео тарап, чуу жараткан. Билим берүү министрлиги...
Интернетте кызын уруп, видеого тарткан атанын видеосу тараган. Милиция маалымат таратып, анын камакка алынганын билдирди. Майлуу-Суу ШИИБге Ноокен районунун 1988-жылы...
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан Панфилов атындагы парктын аймагында жайгашкан жалпы аянты 0,48 га болгон муниципалдык жер тилкесин жеке менчикке...
УКМК тарабынан ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте Араван райондук ИИБнын коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайын...
Ысык-Атада ден соолукка атайылап залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 31-июлда саат 14:00 чамасында №341...