Жаңжал орун алган айыл тургуну: «Ташиев келип абал турукташты»

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимовдун бүгүн өткөн жолугушуусунда чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу маселелерин талкуулашты. Анда тараптар бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө даяр экендигин билдиришкен. Эки өлкөнүн чек ара аймактарынан 13:00дөн баштап аскерлердин жана аскердик техникалардын бардык түрлөрүн өз ара алып кетүүнү баштоо керектигине макул болушкан.

Азыркы саатка карата Баткенде кырдаал туруктуу, ок атышуу жок жана Тажикстандын аскер кызматкерлери чыгарылгандыгы маалымдалууда. Чыр болгон айылдын жашоочулары «Ташиев келип элдин духу көтөрүлүп калды. Түштөн кийин үйлөрүбүзгө кайтып баргандан коркуп жатканбыз. Адыр жакта жүргөнбүз. Ташиев келди деген сөздөрдү укканда элде дух пайда болду. Азыр үйлөрүбүзгө келдик. Кудайга шүгүр, тынчпыз» деп билдиришти.