Бишкек шаарында Комсомол көлүнүн жана Кара жыгач токоюнун эс алуу аймагынын ачылышы болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бишкек шаарынын мэриясы асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстарды жана борбордук фонтандын айланасындагы чыгармачылык зоналарды уюштурду. Токойдун аймагында батут жана фудкорт аянтчалары орнотулду.
Бишкек мэриясы Комсомол көлүнүн бийиктиктен тартылган видеосу менен бөлүштү.