Өзбекстанда балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы киргизилди
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 14 жашка чейинки балдарга карата сексуалдык зомбулук үчүн жазаны күчөтүү боюнча мыйзамга кол койду. Мындай кылмыштар үчүн эң жогорку жаза — өмүр бою эркинен ажыратуу. Бул тууралуу президенттик администрациянын жетекчиси Саида Мирзиёева билдирди.
Мыйзам Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык жана Кылмыш-жаза аткаруу кодекстерине, ошондой эле Эмгек кодексине жана Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизет. Мындан тышкары, балдарга каршы кылмыштар үчүн, анын ичинде ата-энелик милдеттерди талаптагыдай аткарбагандык, сексуалдык асылуулар, нике курагына байланыштуу талаптарды бузуу жана балдарга ден соолугуна зыян келтирүүчү маалыматтарга жеткиликтүүлүк берүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт.
Мыйзам зомбулуктан жабыркаган же ага күбө болгон жашы жете электерди коргоо боюнча кошумча чараларды да карайт. Аларга процессуалдык аракеттерге биринчи жолу катышкан учурдан тартып акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт.
Жашы жете элек жабырлануучуларды суракка алуу сөзсүз түрдө видеого жаздырылышы керек. Бул аларды бир нече жолу суракка алуудан улам кайрадан психологиялык травма алуусунун алдын алуу максатын көздөйт.
Жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардан жабыркаган балдар менен шектүүлөрдүн беттешүүсү атайын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын же соттун чечими менен гана өткөрүлөт.