«Жаңы Ак Үйдө иштеп, акчабызды ала албай жатабыз» дегендерге Туманбаев жооп берди

Кечээ, 29-августта Жаңы Ак үйдүн курулушунда иштеген айрым жумушчулар маянабызды ала албай жатабыз деп айтып чыгышты. Аларды субподрядчы «Делюкс групп» компаниясы ишке алган.

Жалпы 150 адам июлдан берки маянасы кармалып жатканы да айтылган. Жумушчулар мурунку айда да кечигүү менен алышканын, эми мында балдарын 1-сентябрга даярдай албай кыйналып жатышканын белгилешкен.

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Жаңы Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекеттин эч кимге карызы жок экенин айтты.

«Интернетте арызданган жумушчулар тууралуу видео кайрылууну мен дагы көрдүм. Биринчиден, жаңы Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекет бардык төлөмдөрдү жүргүзүп бүткөн. Башкача айтканда, биздин эч кимге карызыбыз жок. Экинчиден, «Делюкс групп» деген субподрядчы компания тууралуу маселе көтөрүшүптүр. Мен бул компания тууралуу биринчи жолу угуп жатам. Андай компания менен иштешкен эмеспиз, тааныбайбыз дагы. Биз иштешкен компаниялар кандай субподрячы компаниялар менен иштегенин билбейбиз жана аларга тиешебиз жок», — деди Каныбек Туманбаев.