Жаңы жылдык эс алуу 12-январга чейин уланат. Президент кол койду

Кыргызстандыктар 12-январга чейин эс алышат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

“Мамлекет башчыбыз чечти. 1-январдан 12-январга чейин эс алмай болдук”, — деди Эдил Байсалов.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Эмгек министрлиги жаңы жылдык эс алууну 12-январга чейин узартууну сунуштаган эле.