Жаңы коронавирус өлкөгө келсе, анда бардык мектептер жана университеттер кайрадан жабылат

Кыргыз өлкөсүнө коронавирустун жаңы түрү келгени аныкталса, анда бардык мектептер жана университеттер кайрадан жабылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевбиз каалайбызбы же жокпу, коронавирустун Улуу Британияда пайда болгон жаңы түрү Кыргыз өлкөсүнө келет” деп билдирди. Анын айтымында, мутацияга кабылган вирус дүйнөнүн 41 өлкөсүнө, керек болсо Орусияда да жайылды. “Жаңы вирус оор формада өтөт жана аны көбүнчө жаштар жугузуп алууда. Коронавирустун жаңы түрүнөн каза табуу буга чейинки түрүнөн салыштырмалуу 2,5 эсеге жогору. Буга чейин илдетке чалдыгып, андан айыккандар кайра жаңы түрүн жуктуруп албайт бекен деп чочулап жатабыз”, — деди министр.