Жаңы муфтий облус казыларына жыйын өткөрдү (видео)

Бүгүн, 12-февраль күнү муфтияттын жыйындар залында Кыргызстан мусулмандарынын жаңы бекитилген муфтийи Абдулазиз Закиров облус казыларына жыйын өткөрдү.

Азирети муфтий жыйында диний объектилердин каттоо иштерин ыкчамдатуу, ысырапкорчулуктун кесепеттерин жана зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотууга багытталган иштерди алып баруу, аймактардагы түзүмдөр менен тыгыз кызматташуу, диний агартуу, жаш өспүрүмдөр жана аялзатынын туура нуктагы диний билим алышына көңүл буруу, өзгөчө мусулман кыргыз коомчулугунда матуриди акыйдасын жана ханафилик мазхабын күчтөндүрүү жаатында тапшырмаларды берди.

10-февраль күнү борбор калаадагы Улуттук тарых музейинде Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз Курултайы өтүп, анда Абдулазиз Закиров азирети муфтий кызматына шайланган.