Жаңы окуу жылы онлайн режимде башталышы мүмкүн

Жаңы окуу жылы онлайн режимде башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда жаңы окуу жылына карата даярдыктар жүрүп жатат.

«Эгер калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтсө, сентябрдан тарта окуучулардын баары кадимки форматта окуп башташат деген талкуу жүрүп жатат. Мугалимдердин август педагогикалык кеңешмесинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү каменен биргеликте актуалдуу маселелер талкууланат. Окууну толугу менен офлайн режимде баштоо үчүн мектепте иштеген бардык мугалимдер жана кызматкерлер эмдөөдөн өтүшү керек», — деди Абдылдаева.