Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов Жаңы «Ош» базары менен автобекеттин курулуш иштеринен видео жарыялады.
«Жаңы «Ош» базары менен жаңы батыш автобекетинин курулуш иштеринен видео отчет. Соода кылгандардын баарына заманбап талаптарга ылайык, ыңгайлуу шарттары менен курулуп жатат. Дренаждык системасы дагы заманбап талаптарга жараша курулууда.
Автобекет болсо, эң акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен камсыздалат. Буюрса, автобекет келерки жылдын май-июнь айларында ишке берилет. Келечекте шаардын так ортосу болот»,- деп жазды ал.