Жаңы үлгүдөгү паспортторду берүүдө көйгөйлөр жаралып, жооптуу адис жумуштан айдалды

Премьер-министр Улукбек Марипов биометрикалык маалыматтары бар жаңы жарандык паспортторду берүү кечеңдеп жаткандыгына байланыштуу бир катар чечимдерди кабыл алды.

9-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын аймагынан тышкары жүргөн жарандар үчүн 2004 жана 2006-жылдардагы үлгүдөгү паспорттор 2021-жылдын сентябрына чейин узартылды.

Ошондой эле, жаңы паспортторду берүү планга ылайык кечиктирилип жаткандыгына байланыштуу Марипов Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акин Мамбеталиевге сөгүш жарыялап, анын орун басары Тилек Батыркановдун ээлеген кызматынан бошотту.

Белгилей кетсек, өлкөдө 2020-жылдын 25-декабрында жарандык паспорттун жаңы муундагы биометрикалык үлгүсү (ePassport) бериле баштамак. Бирок кийин жүйөлүү себептер менен апрелде берилет деп айтылган.