Жаныбек Абировдун Ленин округу боюнча шайлоого катышууга ниети барбы? Өзүнүн жообу

Мандатын тапшырган мурдагы депутат Жаныбек Абиров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында түз эфирге чыгып, катталуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Алардын арасында Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышууга болгон ниети тууралуу билүүнү каалагандар болгон.

«Мага 1 жума мурун Ленин районунун жашоочулары кайрылган. Азыр ойлонуп жатабыз. Команда, үй-бүлөдө сүйлөшүү болуп жатат. Бул чечим оңой болбойт«,- деди ал.