«Жанымды берсем да, жеримди бербейм». Тажикстандын кол салуусунан каза болгон чек арачылардын тизмеси

УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан каза болгон чек арачылардын тизмеси жазылган видео менен бөлүштү.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган кызматтан чек арадагы окуяда 42 чек арачы каза болгонун маалымдашты.

Ушул жылдын сентябрь айында Тажикстан Кыргызстанга кол салган. Баткен жана Лейлек райондорунун кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатактын кесепетинен 63 жаран ок атышуудан каза болгон. Каза болгондордун тизмеси жарыялана элек. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тизме боюнча акыркы жоокер жерге берилгенден кийин гана жарыяланарын айткан.