Президент менен көл жээгинде сүрөткө түшкөн адам ким? Ал Жапаровдун шайлоодогу эң ири демөөрчүсүбү?

19-июлда президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуучулар менен сүрөткө түшүп жаткандагы видеосу тараган. Ошол эле учурда өлкө башчы менен сүрөткө түшкөн жарандын сүрөтү жарыяланды. Кийинчерээк анын Нурбек Калмурзаев аттуу жаран экендиги белгилүү болгон.

Factcheck.kg Садыр Жапаров менен сүрөткө түшкөн эс алуучулардын социалдык тармактардагы аккаунттарын текшерип көрүп, алардын президенттик шайлоого катышы бар экенин аныктаган. Тактап айтканда, жогоруда сөз болгон Нурбек Калмурзаевдин шайлоодо Жапаровду колдогону маалым болду.

«БШКнын маалыматына ылайык, Калмурзаев Нурбек Жолборсбекович 2021-жылдын январь айында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна дээрлик 6,6 миллион сом которгон. Калмурзаев Жапаровго эң ири демөөрчү болгон»,- деп айтылат маалыматта.

Анын Кара-Суу районунда жайгашкан “Баястан” ресторанына ээлик кылары да жазылган. Нурбек Калмурзаевдин социалдык тармактагы баракчасында анын Садыр Жапаровду колдогону тууралуу маалыматты да көрүүгө болот.

«Садыр Жапаров менен көл жээгинде Нурбек Калмурзаев аттуу ишкер жана анын жубайы Назиза Тентиева сүрөткө түшкөн. Нурбек Калмурзаев президенттик шайлоодо Жапаровдун эң ири демөөрчүсү болгон. Ал шайлоо фондуна – 6,6 миллион сом которгон»,— деп айтылат маалыматта.

Нурбек Калмурзаевдин өзү менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.