Жапаров Суваналиевге 1-класстагы мамлекеттик кеңешчи чинин тапшырды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевге мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини ыйгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Сыйлыкты президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапар менен барган учурда тапшырган.

Буга чейин генерал-майор болду деген Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаевге да наамы Баткенде берилген. Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевге мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини ыйгарылган.

Ошондой эле бир катар аскер кызматкерлери башкы кол башчыдан энчилүү сааттарды жана алкыш жарыяланган баракчаларды алышкан. Президент Жапаров кечээ, 3-апрелде Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу — 2021» аскердик машыгууларынын жабылыш аземине катышкан.