Жарандык активист Атай Бейшенбек: «Кыргызстан ичинде жашынмак ойносок болот, бирок эл аралык деңгээлде эч нерсени жашыра албайсың»

«Кыргызстан ичинде жашынмак ойносок болот, бирок эл аралык деңгээлде эч нерсени жашыра албайсың». Бул тууралуу жарандык активист Атай Бейшенбек «Саясий коктейль» берүүсүндө Кумтөрдүн айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу суроого жооп берип жатып билдирди.

«Кызык жагдайлар ортодо өтө көп жаралып жатты. Санариптештирүү заманында бир нерсени жаап-жашыруу мүмкүн эмес. Кыргызстандын ичинде отуруп алып, жашынмак ойносок болот. Бирок эл аралык мамиледеги маселелерди эч жашыра албайсың. Башка өлкөлөр кенедей алтын же капиталды өз кадырын-баркын ортого таштап, жашыруу тобокелине барбайт. Андайга биз эле бара алат экенбиз», — деди Атай Бейшенбек.