СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 30 жаштагы Дилфуза Арапбай кызы кайрылып, 2023-жылдын 27-январында 3 эм уул төрөгөнүн, учурда жашоо-шарты оор болуп жатканын айтты.
«Сузак районунун Кара-Дарыя айылынан болом. Азыр жолдошум экөөбүз 4 баланы тарбиялап жатабыз. Улуу 3 жаштагы балам бар. Эгиздериме Аман, Асан, Үсөн деген ат койгонбуз. Кайын журтумдун жардамы менен 4 бөлмөлүү үй салып, бүтө электе эле 2 бөлмөсүнө кирип алганбыз, ал жакта да шарт жок. Жарык жок. Мен көз жарганда «сүйүнчү» деп 150 миң сом алганбыз. «Үй салабыз» дешкен, бирок ошол бойдон жок. Азыр күндөн энергия алып, жарык алабыз. Кышында ага күн жетпейт. Караңгы киргенде балдар ыйлай баштайт, жуулган кийимдери кургабайт. Биз жашаган жерде 1-2 эле үй турат. Акча чогултуп жарыкка деп зым тартып келгенбиз, бирок 1 жылдан бери киргизип бербей жатышат. Жолдошум эч жерде иштебейт. Күнүмдүк иштер болуп калса чыгат. Жөлөк пул менен күн кечирип жатабыз. Бизге да мамлекет жардам берсе дейм», — дейт жаш эне.