Жарыктын жоктугунан айланма жолду тосушкан конуштун тургундары жолду ачышты (видео)

Аламүдүн районунда Теңдик жана Алтын-Казык конуштарынын тургундары тоскон жол ачылды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жеринде милиция кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундардын мыйзамсыз аракеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. «Сүйлөшүүлөрдөн кийин жол ачылды. Мындай фактыларды алдын алуу максатында МАИ кызматкерлери жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жол тосуу кылмыш болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.