Бишкек шаардык соту БШК мандатынан ажыраткан Фархат Исмаиловдун арызын карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мандаттан ажыратуу чечими мыйзамдуу деп табылды. Ошондой эле мандатынан ажырап, сотко кайрылган Фарходбек Алимжановдун арызын Бишкек шаардык соту 28-сентябрда карайт.