Жасалма кирпик, лакталган тырмак менен орозо кармаса болобу?

30 күндүк орозо кармоого дит койгон адам кандай парздарды, шарттарды жана эрежелерди аткаруусу керек? Орозо кимдерге сунушталбайт? Эмнеге уруксат берилип, эмнеге тыюу салынат? Орозо кайсы учурда бузулуп, кайсы учурда бузулбайт? Ушул жана башка суроолорго Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев жооп берди.

«Жасалма кирпик менен орозо кармаса болот. Анын орозого эч кандай таасири жок, бирок ошону койбогон жакшы. Тырмактагы лактын да орозого тиешеси жок, бирок дааратка тиешеси бар»,- деди ал.