Жашоо уланат… Кадамжай районуна эвакуацияланган 3 келин көз жарды

Тажикстандын кол салуусунан Кадамжай районуна эвакуацияланган 3 кош бойлуу аял көз жарды. Бул боюнча Кадамжай райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Мирлан Эназаров билдирди.

Анын айтымында, төрөт ийгиликтүү өтүп, энелердин жана балдардын саламаттыгы учурда жакшы.