Дрондун жардамы менен кайрадан Наговицына турат деген жерди карап чыгып, тирүү жандын белгисин тапкан жокпуз. Бул тууралуу Кыргызстандын альпинизм федерациясынын башчысы Эдуард Кубатов билдирди. Ал учкучсуз аппарат эки жолу учурулганын айтты. Бардык тартылган материалдар альпинисттин уулуна берилет.
«Издөө иштери токтотулду. Тилекке каршы бул фактыны кабыл алышыбыз керек. Бардык тартылган материалдар альпинисттин уулуна берилет. Кыргыз тарап бардык колдон келген күч-аракетин жумшады. Бирок ал жаткан бийиктик, катаал аба ырайы, тик учактын катуу конуусу, куткаруучулардын абалы күтүлгөн натыйжага жетүүгө мүмкүндүк берген жок. Жеңиш чокусунун тарыхында 7200 метр бийиктиктен бир дагы адам ийгиликтүү куткарылган эмес. Куткаруучулардын өмүрүн андан ары тобокелге салууга биздин акыбыз жок болчу”, — деп жазды ал.