Жаздык эгинди себүү былтыркы жылга салыштырмалуу 1,3 пайызга аз

Ушул жылдын 24-майына карата республикада 663 миң гектарга жакын аянтка жаздык эгин себилди, бул өткөн жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 1,3 пайызга аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, себилген айдоо аянттарынын эң чоң үлүшү Чүй — 31,5 пайыз, Ош — 16,4 пайыз, Ысык-Көл — 15,2 пайыз жана Жалал-Абад облусунун чарбаларына — 13,7 пайызы туура келет. Жалпысы республика боюнча жаздык эгин себилген аянтка салыштырмалуу 2020-жылы жалпы республика боюнча дан эгилген аянт 3 пайызга төмөндөдү. Муну менен катар, кант кызылчасынын айдоо аянты 2020-жылдын жаздык өсүмдүктөр эгилген аянтына салыштырмалуу 24 пайызга, жашылчалар — 3,2 пайызга, жаздык арпа — 0,1 пайызга көбөйгөн. Мындан тышкары, ушул жылдын май айында айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан 74 миң гектар аянтта — күздүк эгинди азыктандыруу боюнча иштер, жана 616,1 миң гектар аянтта жазгы айдоо иштери жүргүзүлдү.