«Жазында унаа белек кылышкан». Жети-Өгүздө айыл жаштары имам менен жубайына умрага жолдомо беришти

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылынын имамы Миржан Эдиловго аталган айылдын 1996-жылы туулган жаштары тарабынан умра сапарына жолдомо тапшырылды.

Казыяттан билдиришинче, имамдын элге кылган көп жылдык кызматы бааланып, жаштар ыраазычылык билдирип, ушул кубанычтуу сыйлыкты белек кылышкан.

Имамга жолдомо белек кылынганда айылдын чет жерде эмгектенип жүрүшкөн жаштары да колдоого алышып, имам менен бирге барып келүүгө жубайына да жолдомо беришти.

Белгилей кетсек, ушул эле айылдын жашоочулары жаз айларында имамга унаа белек кылышкан.