Жээнбековдун мурдагы жардамчысы Эрнис Толтоев президенттин Оштогу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Толтоев Эрнис Мукашбекович президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бүгүн, 10-август күнү Толтоев Эрнис Мукашбековичти эмгек жамаатка президенттин администрациясынын жана президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Тажибаев Алтынбек Каримжанович тааныштырды.

Эрнис Толтоев 1986-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында туулган. 1 уул, 2 кыздын атасы.

Билими: жогорку, 2009-жылы Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу: