Жеке нотариустар насыяларды каттоо кызмат көрсөтүүлөр баасын төмөндөтүштү

Жеке нотариустар насыяларды каттап берүү кызмат көрсөтүүлөр баасын төмөндөтүштү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Мекеменин маалыматына ылайык, эгерде мурун жеке нотариустар кардарларынын насыя алуудагы иш кагаздарын каттап берүү кызматы үчүн 3 миңден 4 миң сомго чейин алса, эми алардын кызматы 1-2 миң сом болуп, төмөндөтүлдү. Жарандар кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жана жеке нотариустар менен байланышуу убактысын Юстиция министрлигинин сайтынан көрө алышат.

Бишкек, Ош шаарындагы жана Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн районундагы мамлекеттик нотариустар алты күндүк иш графигине өтүшкөн. Аларга ишемби күндөрү жарандар саат 15:00гө чейин кайрылыша алышат.