Жеңиш Молдокматов СИЗО-1ге которулду

«Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынан СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жеңиш Молдокматовдун жүрөгү ооруп жатканын жана медициналык көзөмөлдөн өтүшү керектигин Улуттук кардиология жана терапия борборунан кабарлашкан. Бүгүн Жеңиш Молдокматовго жүрөгүн текшерип турчу атайын аппарат коюлганы менен толук анализден өтө электе СИЗО-1ге которулган.

Белгилүү болгондой, буга чейин айыпталуучуга Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (массалык башаламандыктарды уюштуруу) боюнча кылмышка шектүү деген эскертүү берилген. Каршылык иретинде Жеңиш Модокматов ачкачылык жарыялаган.