Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институту жарым жылда 52 миллион сомго иштеген

Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев “Кабар” маалыматтык агенттигинде болгон маалымат жыйынынын жүрүшүндө агенттиктин Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан 2024-жылдын январь-июнь айында 52 миллион сом көлөмүндө иштер аткарылганын айтты.

Алсак, жеке жактар менен болгон келишимдердин негизинде – 3,6 миллион сом суммасында, ал эми юридикалык жактар менен – 48 миллион сомго аткарылды.

Быйыл Институт тарабынан июль айына чейин 10го жакын курулуштагы нормативдик документтер иштелип чыкты жана 12 ченемдик техникалык документтер жаңыртылып кайрадан бекитилди”,- деди ал.