Жергиликтүү тургун бата берип… Өлкөнүн сел жүргөн аймагында куткаруучулар күнү-түнү иштеп жатышат (сүрөт, видео)

20-21-22-апрель күндөрү Кыргызстандын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарында сел жүрдү.

Селден улам Ош облусунун аймагы менен Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. ӨКМден билдиришкендей, Ошто селдин кесепеттерин калыбына келтирүүдө 508 адам, 82 техника иштеп жатат. Алардын 118и Жарандык коргонуу кызматтарынан, 34ү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бийлигинен, 245и жергиликтүү тургундар жана 111 куткаруучу тартылган. Ал эми Таласта селдин кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, 1 көпүрө жабыркаган. Учурда куткаруучулар күнү-түнү иштеп, жергиликтүү тургундарга жардам берип, селдин кесепетин жоюу иштерди жүргүзүп жатышат. Соцтармак колдонуучулар ӨКМ кызматкерлерине кызматы үчүн ыраазычылык айтып жатышса, жергиликтүү тургун батасын берген.

Президенттин маалымат катчысы өлкө башчынын тапшырмасы менен селден жабыркагандарга мамлекет жардам берерин убадалады.