Жети-Өгүз районунда 24-июлдан тартып Сырт өрөнүнүн Бум-Бел жайытында 1956-жылы туулган эркек киши дайынсыз болуп жатат. ӨКМден билдиришкендей, ал чабан болгон.
Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө Жети-Өгүз райондук №36 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер жана Жайыт комитетинен 4 кызматкер тартылган.