Жети-Өгүздө дайынсыз болуп жаткан жигиттин кийимдери көл жээгинен табылды

Жети-Өгүз районунун Дархан айылында 1995-жылы туулган эркек киши дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, анын кийимдери көл жээгинен табылган. Жерине Жети-Өгүз райондук ӨКБнын башчысы, 3 офицер жана ИИМдин кызматкерлери тартылып, жигиттин сууга чөкпөгөндүгү аныкталган. Тиешелүү иш-чараларды ИИМ кызматкерлери өткөрүүдө.