Буга чейин социалдык тармактарда «Жети-Өгүздүн жайлоосунда бир короо кой кырылды» деген видео тараган.
Чым-Там жайлоосундагы окуя боюнча президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымат беришти.
«Жети-Өгүз райондук ветеринардык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 11-июнь күнү Чым-Там жайлоосуна чыккан малга белгисиз жырткыч жаныбары тарабынан кол салуу учуру орун алган. Жыйынтыгында, 30га жакын кой ар кандай жарат менен өлтүргөнү аныкталган. Ал эми калган мал бир-бирин тебелеп өлгөн.
Баш аягы, кол салуудан 332 баш кой өлгөн. Кырылган малдардын баары санитардык талаптарга ылайык жок кылынган.
Жети-Өгүз райондук администрациясы Чым-Там жайлоосунда жайгашкан малчылардын арасында коопсуздук жана алдын алуу иштери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Райондук мамлекеттик администрациясы аталган аймакта малчылардын менен малдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тиешелүү мекемелер менен тиешелүү иштерди алып барышууда»,— деп айтылат маалыматта.